«Каражат топтоо» оюну аркылуу ар бир адам 

финансылык сабаттуу боло алат 

 

Улуттук банк German Sparkassenstiftung фонду менен биргеликте ишке ашырып жаткан «Кыргызстанда, Тажикстанда жана Түркмөнстанда айыл жергесин өнүктүрүүгө, чакан жана орто ишкердик потенциалын чыңдоого көмөктөшүү» долбоорунун алкагында, Ош шаарында финансылык сабаттуулук боюнча тренерлерди 2021-жылдын 31-майынан тартып 4-июнь күндөрү аралыгында атайын окутуудан өткөрдү.  

Окутуу «Каражат топтоо» иштиктүү оюн форматында өтүп: үй-бүлөлүк бюджет, финансылык пландаштыруу, жашоо сапатын жогорулатууга багытталган туура чечимдерди кабыл алуу үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон каражат топтой билүүнүн максаттарын жана артыкчылыктарын түшүнүү сыяктуу аспектилерди камтыды.  

Окутуу учурунда тренингдин катышуучулары финансылык сабаттуулукка окутуунун интерактивдүү методдору менен да таанышып чыгышты.