Өлкөдө курч эпидемиологиялык кырдаал жаралгандыгына байланыштуу, СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү тобокелдигин азайтуу максатында, Улуттук банк өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу, ошондой эле өлчөнгөн алтын куймаларды жана нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча операцияларды убактылуу токтотот.