2021-жылдын 15-июлунда Улуттук банктын төрагасы Т.С.Абдыгулов түштүк кореялык Korea Telecom, GS Retail, BS-Group корпорацияларынын, TTVenture компаниясынын жетекчилери курамына кирген жогорку деӊгээлдеги бизнес-делегациянын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташууну өнүктүрүү, банктык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдыруу жана финансы секторун санариптештирүү маселелери талкууланды.