Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга чыгарат.  

Улуттук банктын ислам каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларын салттуу банктар үчүн белгиленген ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү аталган токтом долбоорунун максаты болуп саналат. Сунушталган токтом долбоорунун алкагында операцияларды ислам каржылоо принциптерине ылайык жүргүзгөн банктар, суммардык капиталдын шайкештиги коэффициентин эсептөөнү операциялык тобокелдиктерди эске алуу менен жүргүзүүсү зарыл. Токтом долбооруна ылайык, капитал шайкештигинин (жетиштүүлүгүнүн) айрым ченемдеринин мааниси жогорулоо жагында кайра каралган. Системалуу мааниге ээ банктар үчүн айрым ченемдердин жогорулатылган өлчөмдөрү аныкталган. Мындан тышкары, токтом долбоору менен баланстан тышкаркы милдеттенмелерди эсептөөгө тиешелүү болгон левераж коэффициентинин формуласы өзгөртүлгөн.  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 25-октябрынан кечиктирбестен kdjakypova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.