Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий маалыматы 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2021-жылдын 1-декабрынан тартып Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын урматына «Тарыхый окуялар» сериясынан «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл» коллекциялык монетасын, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, ыктыярчыларга жана COVID-19 пандемиясын жеңүү үчүн эмгектенип жаткан бардык адамдарга ыраазычылык билдирүү катарында «Өмүр сакчыларына таазим!» коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. 

 

КМШ эмблемасы «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл» коллекциялык күмүш монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети болуп эсептелет. Монетанын төмөн жагында анын номиналы «10 сом» көрсөтүлгөн. «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл / Содружеству Независимых Государств 30 лет» деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган.  

Монетанын арткы бетинин негизги сюжети катары кызматташуу, өз ара иш алып баруу жана өнүгүү жолдорунун символу катары чиеленген сызыктардын сүрөтү берилген. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925), монетанын салмагы (28,28 g) жана чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган.  

 

 

 

 

 

 

«Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл»  

күмүш коллекциялык монетасынын өзгөчөлүгү 

 

Номиналы 

10 сом 

Металлы (сапат белгиси) 

Ag 925  

Диаметри (мм) 

38,61 

Салмагы (г) 

28,28 

Аткаруу сапаты 

«Proof» 

Кошумча технологиялар 

Ультра кызгылт-көк нур басмасы 

Нускасы (даана) 

1 000 

Сатуу баасы 

3 890 с 

 

 

 

«Өмүр сакчыларына таазим!» коллекциялык жез-никель монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары коронавирус инфекциясынын пандемиясын жеңүү үчүн өз жанын аябастан эмгектенген ар кандай кесиптердин ээлери менен ыктыярчылардын өкүлдөрүнүн элестери берилген. Монетанын жогору жагында табияттын ойгонуп келе жаткандыгын билдирген таңкы шүүдүрүм менен жаңы жашоону түшүндүргөн таңдын жаңыдан атышын элестеткен абстрактуу сүрөт чагылдырган. «Өмүр сакчыларына таазим! / Спасибо за жизнь!» деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган. Монетанын төмөн жагында номиналы «1 с» берилген. 

Жаратылыш мыйзамы менен адам өмүрү бир бүтүн жашоо булагы экендигин билдирген, адамдардын биримдигин өсүп турган дарак катары чагылдырган сүрөт монетанын арткы бетинин негизги сюжети болуп саналат. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. 

 

 

 

 

 

«Өмүр сакчыларына таазим!»  

коллекциялык жез-никель монетасынын өзгөчөлүгү 

 

Номиналы 

1 сом 

Металлы (сапат белгиси) 

CuNi 

Диаметри (мм) 

30,00 

Салмагы (г) 

12,00 

Аткаруу сапаты 

«Proof-like» 

Кошумча технологиялар 

Ультра кызгылт-көк нур басмасы 

Нускасы (даана) 

3 000 

Сатуу баасы 

880 с 

 

Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына жайгаштырылып, өзүнчө кутучага таңгакталган, күмүш монетасы сапатын тастыктаган сертификатка ээ. 

Улуттук валютанын коллекциялык монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. 

Коллекциялык монеталар Улуттук банктын имаратында жайгашкан кассаларда иш күндөрү саат 9.00дөн 15.00гө чейин, ошондой эле www.numizmat.nbkr.kg веб сайты аркылуу да сатылат.