Финансылык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн назарына! 

 

Эгерде финансылык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдө (мындан ары - керектөөчү) финансы-кредит уюму (мындан ары ФКУ) тарабынан тейленген учурда кандайдыр бир суроолор жаралса, керектөөчү биринчи кезекте ФКУнун өзүнө кайрылуусу керек.  

ФКУга жазуу жүзүндө же башка байланыш каналдары (почта, электрондук байланыш каналдары) аркылуу кат жазып кайрылууга (даттанууга) болот. Кайрылууда (даттануу) керектөөчүнүн толук аты-жөнү, дареги жана телефон номери, кайрылуунун мазмуну көрсөтүлүүгө тийиш, зарыл болгон учурда керектөөчүнүн дооматтарын ырастаган документтер тиркелиши мүмкүн. 

Керектөөчүнүн кайрылуусуна (даттануусуна) жооп жазылган катта ФКУнун (филиалынын) жетекчисинин колу коюлууга жана анда кайрылууну канааттандыруу (толугу менен же жарым-жартылай) же канааттандыруудан баш тартуу боюнча так негиздеме берилүүгө тийиш. 

Эгерде керектөөчү ФКУдан алган жооп менен макул болбосо же жетиштүү деңгээде жооп ала албаса, анда керектөөчү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайрыла алат. 

Улуттук банк кайралган жарандардын маселелерин дайыма карап чыгат. 

Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр Улуттук банкка же анын аймактарда жайгашкан областтык башкармалыктарына ФКУнун иш-аракеттерине арыз же даттануу менен, анын ичинде төмөндө көрсөтүлгөн электрондук даректер боюнча кайрыла алышат. 

Электрондук почта аркылуу кайрылууда арызданган адам милдеттүү түрдө өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), байланыш телефон номерин (үй, уюлдук же жумуш телефонун), жашаган жеринин дарегин көрсөтүүгө жана кайрылууга себеп болгон маселенин маңызын көрсөтүүгө милдеттүү

Мүмкүн болсо электрондук байланыш аркылуу кайрылган учурда электрондук документтердин көчүрмөлөрүн, электрондук файлдар (электрондук документтер, фото жана видеоматериалдар) жайгаштырылган интернет түйүнүндөгү даректерди тиркөө зарыл. 

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселеси боюнча керектүү маалыматты / кеп-кеңештерди ыкчам алуу үчүн жарандар төмөндө берилген телефон номерлери, ошондой эле Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 996 312 61 04 86 телефон номери аркылуу байланышса болот. 

 

 

Башкармалыктын аталышы 

Шаардын коду жана телефон номери 

Электрондук почта дареги 

Улуттук банктын борбордук аппараты 

0(555) 85 57 48 


0(770) 73 73 49 


(0312) 61 04 86
(0312) 61 52 78 

mail@nbkr.kg 

Ош областтык башкармалыгы  

(03222) 48434 


(03222) 48375 

jsydykov@nbkr.kg 

Нарын областтык башкармалыгы  

(03522) 50442 


(03522) 50472 

uduyshenaliev@nbkr.kg 

Ысык-Көл областтык башкармалыгы  

(03922) 51251 


(03922) 51278  

kmonuev@nbkr.kg 

Жалал-Абад областтык башкармалыгы 

(03722) 23884 

hakimbekov@nbkr.kg 

Талас областтык башкармалыгы 

(03422) 52270 


(03422) 52077  

iestebesov@nbkr.kg 

Баткен областындагы өкүлчүлүк 

(03622) 50446 

arazakov@nbkr.kg