Кантип алдамчылардын кылтагына илинбей, акчадан кол жууп калбоо керек 

 

Кардарлардын/жарандардын ыңгайлуулугу үчүн уюштурулуучу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүшүнө байланыштуу аралыктан сунушталуучу финансылык кызматтарга суроо-талап өстү

Рынок бир орунда турбайт. Үйдөн чыкпай туруп эле өз акча каражатыңызды башкарууга жана төлөмдөрдү/которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген жаңы инновациялык технологиялар улам пайда болууда. 

Бирок башка бирөөнүн акчасына көз арткан кара ниет адамдар, жарандардын акчасын, ишенимин жана ак ниет ишенчээк асыл сапаттарына кыянаттык келтирип, бирөөнүн эсебинен тез пайда табуу үчүн түрдүү айла-амалдарды колдонуп келишет.  

Заманбап жана ыңгайлуу технологияларды колдонуудан коркпош керек. Бирок ар дайым этият болуп, сактык чараларын көрүү зарылдыгын эстен чыгарбоо зарыл. Анткени алдамчыларга кабылып калбоонун жолун билүү, сизге керектүү учурда туура чечим чыгарууга жардам берет. 

 

Алдамчылык менен жүргүзүлгөн операцияларды алдын алуу боюнча сунуштар: 

• Телефон аркылуу картаңыздын номерин жана PIN кодун эч качан бирөөгө бербеңиз. Банк кызматкерлери эч качан мындай маалыматты сурашпайт. Сизди алардын системасынан табуу үчүн аларга толук аты-жөнүңүздү билүү жетиштүү. Банк кызматкери эч качан сизге телефон чалып, картаңыздын реквизиттерин сурабайт. Эгерде чалган адам өзүн банк кызматкеримин деп тааныштырса, андан фамилиясын жана аты-жөнүн, кызмат ордун жана иштеген бөлүмүн сураңыз. Андан кийин картаны алган банкыңызга чалып, анын кызматкерлери эмне үчүн сиздин маалыматыңызды сурап жатканын сураңыз; 

• Банкоматтан акча алууда эч качан бейтааныш адамдарга жардам сурап кайрылбаңыз. Эгер сиз аны колдоно элек болсоңуз, картаны алууда жардам алуу үчүн банк кызматкерлерине кайрылганыңыз оң. Бирок бул учурда да, ПИН-кодду киргизүүдө, зарыл болсо, терүү панелин колуңуз менен жаап коюңуз. 

• Картаңыздын номерин, PIN-кодуңузду, картаңыздын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, картанын арткы бетинде кол коюу тилкесиндеги акыркы 3 сан) эч кимге, анын ичинде туугандарыңызга, банк кызматкерлерине, укук коргоо органдарына, кесиптештериңизге да айтпаңыз. ЭЧ КИМГЕ! Бул маалыматты сизден башка эч ким билбеши керек; 

• Расмий сайттарды гана колдонуңуз, текшерилбеген шилтемелерге эч качан кирбеңиз, айрыкча, жеке маалыматтарды жана картаңыздын маалыматтарын ал жерге киргизбеңиз; 

• Эгерде сиздин картаңыз уурдалып же жоголсо, банкомат алып койсо же башка кыйынчылыкка кабылсаңыз, дароо банкыңызга чалыңыз; 

• Ар дайым транзакцияларыңызды банктык көчүрмөңүз менен текшериңиз. Эгерде сиз жүргүзбөгөн транзакцияны тапсаңыз, анда тез арада банкка билдирүү жана кырдаалды жөнгө салуу өтүнүчү менен кайрылыңыз; 

• Электрондук капчыктарды колдонууда да сактык чараларын көрүңүз. Биринчиден, капчыкка кирүү үчүн узун сыр сөздү (мисалы, 6-16 белгиден турган пароль) коюп, идентификациядан өтүңүз; 

• Электрондук капчыктан сыр сөздү жана алынган SMS коддорду эч кимге, анын ичинде туугандарга, банк кызматкерлерине, укук коргоо органдарына, кесиптештерге айтпаңыз жана ачыкка чыгарбаңыз; 

• Карта сыяктуу эле, электрондук капчыкты колдонууда, түшүнүксүз шилтемелерге кирбеңиз жана ал жерге маалыматтарды киргизбеңиз. Эгерде электрондук капчыгыңыздын тиркемеси жүктөлгөн телефонуңузду уурдатсаңыз, дароо банкыңызга кабарлаңыз жана капчыкка бөгөт коюңуз.