Улуттук банк коммерциялык банктарга кардарларды тейлөө сапатын жогорулатууну сунуштады 

 

2022-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги менен коммерциялык банктардын, акча алмашуу бюролорунун жана алмашуу бюролорунун Ассоциациясынын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу болду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы өлкөнүн банк тутумундагы, валюта рыногундагы жагдай, ошондой эле дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланыштуу мүмкүн болуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу жана алдын алуу маселелери талкууланды. 

Улуттук банктын жетекчилиги тарабынан акыркы учурда акча которуу системалары аркылуу акча каражаттарын кабыл алуу жана жөнөтүү боюнча айрым финансы-кредиттик мекемелердин тейлөө сапатына карата калк арасында даттануулардын саны өсүп жаткандыгы айтылды. 

Коммерциялык банктарга кардарларды тейлөө сапатын жогорулатуу жана банктардын бардык бөлүмдөрүндө банктык кызмат көрсөтүүлөрдү талаптагыдай жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүү, контролдоо жана ошондой эле кардарларга өз убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушу баса белгиленди. 

Мындан тышкары, Улуттук банктын жетекчилиги каржы рыногунун бардык катышуучулары, анын ичинде акча алмашуу бюролору жана алмашуу бюролорунун Ассоциациясына банктык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу зарылдыгы билдирилди.  

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук банк кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп тураарын, зарыл болгон учурда өлкөнүн банк жана төлөм систесынын ишин мындан ары да туруктуу жана коопсуз негизде камсыздоого карата тийиштүү чараларды колдоноору белгиленди.