Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн борбордук банктарынын кызматкерлери үчүн тажрыйбалык такшалуудан өтүү иш-чарасын уюштурду 

 

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн борбордук банктарынын персоналын окутуу программасынын алкагында, 2022-жылдын 21-июнунан тартып 24-июнь аралыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уюштурулган «Кардарлар менен байланыш түзүү каналдары» темасында тажрыйбалык такшалуудан өтүү иш-чарасы болуп өттү

Тажрыйбалык такшалууга Беларусь Республикасынын жана Россия Федерациясынын борбордук банктарынын өкүлдөрү катышты.  

Катышуучулар улуттук (борбордук) банктардын коммуникация саясатынын актуалдуу маселелери, коомчулук менен, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышуу, ошондой эле калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жагында байланыш каналдары боюнча пикир алышып, тажрыйба алмашышты.