Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракеттери токтотулду.
2022-жылдын 9-июлунан тартып 15-июлун кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150/20 дареги боюнча жайгашкан «Капитал Прогресс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2020-жылдын 14-февралындагы № 5982 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150, 1-бөлүк дареги боюнча жайгашкан «Союз лтд» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2020-жылдын 25-декабрындагы № 6045 лицензиясы.
- Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти 2, 12-батир дареги боюнча жайгашкан «АСЭМ и ко» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 1-июлундагы № 6164 лицензиясы.