Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын кардарларына көмөк көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери жөнүндө» токтомун аткаруу максатында, финансы-кредит уюмдары (мындан ары ФКУ) банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүп жатышат. 

ФКУдан алынган маалыматтар боюнча, 2022-жылдын 17-ноябрына карата ФКУга 443 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен 19 459 миң сом суммасында 283 кредит эсептен алынып салынган жана 36 485 миң сом суммасында 155 кредит реструктуризацияланган.   

Азыркы тапта, ФКУ аталган региондордун жабыркаган карыз алуучуларынан келип жаткан бардык арыздарды кароону улантып жатат.