Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган, коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» жана 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» токтомдорунун (мындан ары – токтомдор) колдонуу мөөнөттөрүн узартуу зарылдыгына байланыштуу иштелип чыккан, аталган токтомдор 2022-жылдын сентябрь айында Баткен областында болуп өткөн куралдуу кагылышуунун натыйжасында коммерциялык банктардын/микрофинансылык уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы №313 «Баткен жана Ош областтарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезекте көрүлүүчү чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери, кредиттик бюролор жана «Кепилдик фонд» ААК токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын (Word форматында) 2023-жылдын 19-сентябрынан кечиктирбестен jkonoeva@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл.