2023-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Боконтаев менен Bank of China Limited Директорлор кеңешинин төрагасы Гэ Хайцзяо башында турган делегация ортосунда жолугушуу болуп өттү

Жолугушууда банк тармагында эки тараптуу кызматташуу жана Кыргызстандын финансы рыногун өнүктүрүү боюнча өз ара иш алып баруу маселелери талкууланды. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан учурда өлкөдөгү макроэкономикалык жагдай жөнүндө, атап айтканда, Кыргыз Республикасында акча-кредит саясаты, банк иши, төлөм системалары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кеңири маалымат берилди. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын билдиришти.