2023-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргызстанда “Дүйнөлүк каражат топтоо күнү” масштабдуу маалымат-билим берүү иш-чарасын өткөрүү боюнча өнөктөш уюмдардын жолугушуусу болуп өттү

Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн өткөрүүнүн максаты каражат топтоо маданиятын калыптандыруу, балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, жаратылыш ресурстарына, энергияга сарамжал мамиле кылуу ж.б. 

Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында ачык эшик күндөрүн, лекцияларды, интерактивдүү оюндарды, финансы институттарына экскурсияларды жана сынактарды өткөрүү пландаштырылууда. Бул жылы айрым иш-чаралар юбилейлик датага Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналат. Иш-чаранын толук тизмеси Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча www.finsabat.kg сайтында жайгаштырылат. 

Маалымат үчүн: Дүйнөлүк каражат топтоо күнү - 2023 Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, эл аралык уюмдар жана өлкөнүн финансы-кредит уюмдары менен биргеликте өткөрүлүп жатат.