Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 18-26-март күндөрү Глобалдуу акча жумалыгы иш-чарасынын алкагында, Каракол шаарындагы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин гуманитардык-табигый илимдер факультетинин студенттери жана № 11 гимназия орто мектебинин жогорку класстарынын окуучулары үчүн көчмө лекция өткөрүштү

Лекцияда улуттук валюта сомдун калыптануу тарыхы, QR-кодду колдонуу менен төлөм жүргүзүү, ошондой эле финансылык алдамчылык тууралуу маалыматтар берилди.  

2024-жылдын 26-27-мартында Каракол шаарынын тургундары үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын нумизматикалык көргөзмөсү уюштурулду.