Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын алты жаранынын ар бирине (М.З.М., А.У., А.У.А., Т.Х.М., А.Д.И., А.у.С.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.