2024-жылдын 17-апрелинде Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү болгон жогорку класстын окуучулары үчүн Улуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсия уюштурулуп, финансылык сабаттуулук боюнча атайын лекция өткөрүлдү.  

Окуучулар уникалдуу байыркы монеталар, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын көптөгөн башка экспонаттары менен таанышышты.  

Финансылык сабаттуулук боюнча сабактын алкагында жогорку класстын окуучулары үй-бүлө бюджетин түзүү эрежелери, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча Улуттук банктын электрондук ресурстары тууралуу маалымат алышты.