Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К.Боконтаев 2024-жылдын 15-апрелинен тартып 20-апрель күндөрү АКШ Вашингтон шаарында болуп жаткан Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жазгы жыйынына катышты. 

Иш-чаранын алкагында ЭВФтин тескөөчү директорунун орун басары Бо Ли мырза жана Жакынкы Чыгыш менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн департаментинин директору Джихад Азур менен Кыргыз Республикасындагы экономикалык кырдаалды жана макроэкономикалык саясат чараларын талкуулоо боюнча жолугушуулар болуп өттү. Ошондой эле дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүү жана глобалдуу инфляция тенденциялары маселелери боюнча борбордук банктардын башчылары ортосунда, анын ичинде ЭВФ өлкөлөрүнүн Швейцария тобунун алкагында да пикир алмашуу жана талкуу болду.