Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 12-апрелинде № 2024-П-12/17-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына рейтингдик агенттиктерди таануу маселеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Токтом менен рейтингдик агенттердин рейтингин колдонуу, аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча өзгөртүүлөр киргизилген. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.