2024-жылдын 19-апрелинде санариптик сомду ишке киргизүүгө байланыштуу укуктук жана жөнгө салуу маселелерин иштеп чыгуунун жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун иши аяктады. 

Жөнгө салуучу таасирди талдоонун алкагында ведомстволор аралык жумушчу топ санариптик сомду ишке киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын он мыйзам актысына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү (мындан ары мыйзам долбоору) иштеп чыкты. Мыйзам долбоорун андан ары алдыга жылдыруу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.