2024-жылдын 19-апрелинде «Санарип сом» долбоордук тобу, «Санарип сомдун прототибине карата функционалдык жана техникалык талаптар» боюнча суроо-талап кылынган маалыматка ылайык, Борбордук банктардын санарип валюталарын (ББСВ) жабдуучуларынан/иштеп чыгуучуларынан алынган сунуштардын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын санарип сом боюнча башкаруу комитетинин (мындан ары Башкаруу комитети) кароосуна ББСВ жабдуучулары тандаган критерийлерге ылайык, компаниялар, технологиялык чечимдер, функционалдык мүмкүнчүлүктөр, баа берүү жана өзүн-өзү баалоо натыйжалары жөнүндө маалыматтарды сунуштады.  

Башкаруу комитетинин отурумунда «Санарип сом» долбоордук тобу ББСВ жабдуучуларынын бири сунуштаган платформада (блокчейн) санарип сомдун демоверсиясын көрсөттү

«Санарип сом» долбоордук тобу долбоордун алкагында сунуштарды андан ары изилдөө, талдоо, ошондой эле ББСВ жабдуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча иштерди улантат.