2024-жылдын 17-18-19-апрелинде Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын залында, 2024-жылы социалдык контракттын негизинде жардам алууга кайрылган жарандарга «Финансылык сабаттуулук» боюнча тренинг болуп өттү. Жалпысынан 26 жаштан 53 жашка чейин 90 адам катышты. 

Катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу, финансы маселелерин туура талдоо, мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо, ошондой эле финансылык пландаштыруу, финансылык максат коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү, акчаны туура сарптоо, чыгашаны кантип азайтууга боло тургандыгы, өзүн-өзү актабаган кредиттерден сактануу, каражат топтоо, анын суммасын көбөйтүү, туура пайдалануу, банктык эсеп, банктык депозиттер жана аманаттар, карыз жана карыз алуу мамилелери тууралуу маалымат берилди.