2024-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Улуттук банктын төрагасынын орун басары М.Ш. Аттокуровдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) талкуулоо боюнча коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Токтом долбоору керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы банктык төлөм карталарынын ээлерине өз каалоосу боюнча каалаган банкоматтан акча каражаттарын бир операция менен эле улуттук валютада 200 (эки жүз) эсептик көрсөткүчкө же ушул сумманын чет өлкө валютасындагы эквивалентине чейин накталай акча чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берүүгө багытталган. Мында башка жактын эмитенти тарабынан чыгарылган картанын ээси өзү тандаган банкоматтан белгиленген суммадан аз суммада акча каражатын накталай чыгарууга укуктуу.