2024-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн Улуттук банктын иши боюнча семинар өткөрдү

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары, парламенттик фракциянын лидери жана Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагалары катышты. 

Семинардын жүрүшүндө эл өкүлдөрүнө Улуттук банктын учурдагы ишинин жыйынтыктары, акча-кредит саясатын ишке ашыруу, финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, төлөм системасын өнүктүрүү, ошондой эле нак акчаны жүгүртүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча маалыматтар берилди.  

Улуттук банктын төрагасы К. Боконтаев өз сөзүндө белгилегендей, жогорку геосаясий белгисиздик сакталып турган жана дүйнөлүк сооданын мүнөзү өзгөргөн шарттарда Улуттук банктын иши тышкы экономикалык тобокелдиктердин таасирин азайтууга жана өлкөнүн экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. 

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк системасынын туруктуулугу сакталып, сунушталып жаткан банк кызматтарынын тизмеги көбөйгөндүгү, төлөм системасын өнүктүрүү боюнча милдеттер ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгы белгиленди. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук банктын ишмердүүлүгүнө тиешелүү башка актуалдуу маселелер боюнча талкуу жүрдү.  

Жолугушуунун жыйынтыгында семинардын катышуучулары калк үчүн кредиттердин жана банк кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, финансы-кредит уюмдарынын ишин өркүндөтүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу жана башка маселелер боюнча иштерди улантуу зарылдыгын белгилешти. 

Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө экономиканын учурдагы абалы, валюта рыногундагы кырдаал, республиканын банк жана төлөм системаларын өнүктүрүү тенденциялары жана келечеги талкууланды.