Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областы, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак а/а, Жаңы-Турмуш айылы (болжол: «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пункту) дареги боюнча жайгашкан «Абдуллазиз» жоопкерчилиги чектелген коому алмашуу бюросуна накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 8-февралында берилген № 6459 лицензиянын аракети 2024-жылдын 12-июнунан тартып 18-июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.