Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу
Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен биргеликте судьялар үчүн
эки күндүк тренинг өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 26-27-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин судьялары үчүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу, функциялары, ыйгарым укуктары жана ченем жаратуу иши. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын таасир этүү чараларына, ченемдик укуктук актыларына жана башка чечимдерине карата даттануу иштерин кароо боюнча сот тажрыйбасы» темасында тренинг өткөрдү. Бул иш-чаранын максаты – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана анын көзөмөлүндөгү субъекттердин ишине байланыштуу кыйла маанилүү маселелерди талкуулоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын судьяларынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу саналат.
Тренингге өлкөнүн бардык областтарынын жана Бишкек шаарынын жалпы юрисдикциядагы жана административдик соттордун, анын ичинде биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун судьялары катышты.
Тренингдин спикерлери катары Улуттук банктын кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутучуусу болушту.