Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын 5.6-пунктун ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн мындан ары көбөйтүү, калк үчүн санарип төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, 2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы № 2024-П-14/55-1-(ПС) «Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомун (мындан ары - токтом) кабыл алды. 

Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана төлөм уюмдарына Кыргыз Республикасынын ичинде мобилдик тиркемелер жана интернет банкинг аркылуу улуттук валютада акча которуулар боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн жеке адам-кардарлардан комиссиялык сый акы (комиссия) алууга 2025-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу тыюу салынат. 

Бул чара калктын бардык катмары үчүн банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана банк секторуна санариптик технологияларды киргизүүнү тездетүүгө өбөлгө түзөт. 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Токтом Улуттук банктын расмий веб-сайтында www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/Банк мыйзамдары/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору дареги боюнча жайгаштырылган.