Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 27-ноябрында № 2024-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алды. 

Токтом финансы-кредит уюмдарынын кардарларынын кредиттерди аралыктан тариздөөдө алдамчылык аракеттерге дуушар болуусун азайтуу максатында кабыл алынды. Алдамчылык аракеттердин мүнөзүн эске алып, Улуттук банк тарабынан ченемдик укуктук актылар «токтотуп туруу мезгили» түшүнүгү менен толукталып, аралыктан берилген кредиттер үчүн минималдуу токтотуп туруу мезгили белгиленген.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Улуттук банктын ченемдик актылары.