Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2024-жылдын 7-декабрынан тартып 11-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 170 В дареги боюнча жайгашкан «Динар и Ко» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 6516 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129, 5-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Мани КЭШ» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 13-январындагы № 6448 лицензиясы.