Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «төлөм каражаты болуп саналбайт» деген жазуусу бар улуттук валютанын «сувенирдик» деп аталган банкнотторунун республиканын аймагында пайда болушуна жана сатылышына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 304-беренесине ылайык өзүнүн өзгөчөлүктөрү (өлчөмү, түсү, түшүрүлгөн сүрөттөрү) боюнча төлөм жүгүртүүсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын чыныгы банкноталары катары кабыл алынышы мүмкүн болгон улуттук валютанын банкноталарына (тыйындарына) түшүрүлгөн сүрөттөрдү же кандайдыр бир жарым фабрикаттарды (бир же бир нече түстөрдө) пайдалануу жана көчүрүп чыгаруу, – жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Республиканын аймагында сатылып жаткан улуттук валютанын «сувенирдик» банкноттору түсү, сүрөтү жана өлчөмү боюнча чыныгы банкноттор катары кабыл алынган улуттук валютанын чыныгы банкнотторунун так көчүрмөсү болуп саналат.
«Сувенирдик» банкноттор
«Сувенирдик» банкноттордо «төлөм каражаты болуп саналбайт» деген жазуунун болушу мындай банкнотторду сатуучуларды жана даярдоочуларды жоопкерчиликтен бошотпойт.
Накталай акча жүгүртүүдө «сувенирдик» банкноттор аныкталса, алар жасалма деп классификацияланат. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык, жасалма акча белгилерин сатуу максатында жасалмасын жасоо же болбосо сатуу максатында сактоо, ага тете сатуу 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.