1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 12-февралындагы чечими менен «Дос-Кредобанк» ачык акционердик коомунун лицензиясындагы (уруксат берилген банк операцияларынын тизмегиндеги) гарантияларды, векселдерди күрөөлүк камсыздоосуз чыгарууга жана баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө белгиленген чектөөлөрдүн алынып салынгандыгын билдирет. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 12-февралындагы чечими менен «Дос-Кредобанк» ачык акционердик коомуна Улуттук банк тарабынан эмитирленген (чыгарылган), аффинаждалган өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берилгендигин билдирет.