Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
- Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти, 2-үй, №1 турак эмес жай дареги боюнча жайгашкан «Башат кейджи» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын
9-сентябрындагы № 6351 лицензиясы 2025-жылдын 12-мартынан тартып 14-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына;
- Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти, 16-үй, №10а турак жай дареги боюнча жайгашкан «Гууд мани» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 25-майындагы № 6293 лицензиясы 2025-жылдын 12-мартынан тартып 21-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына.