Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 12-мартында №2025-П-12/10-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом (мындан ары токтом) кабыл алды. 

Бул токтом санарип финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө түрткү берүү, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кредиттерди берүү жагында учурда колдонулуп жаткан тажрыйбаны өркүндөтүү, алдамчылык тобокелдиктерин азайтуу жана ошол эле учурда процесстердин натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыздоо ортосунда теӊ салмактуулукту сактоо менен кардарлар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан. 

Токтом Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу /Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.