Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮСҮ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоонун урматына 2025-жылдын 28-апрелинен тартып «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Улуу Жеңишке - 80 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.
Ондогон жылдар бою Улуу Жеңиш күнү – 9-май баарыбыз үчүн биримдиктин, курман болгондорду эскерүүнүн жана согуш менен ооруктун ардагерлеринин күжүрмөндүгүнө ыраазычылык билдирүүнүн күнү болуп эсептелет. Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн 150 миңден ашуун кыргызстандык орден жана медалдар менен сыйланган. 74 адамга Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылcа, 34 адам Даңк орденинин үч даражасынын ээси болуп, 8 миңден ашуун ардагер Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.
Согушта курман болгондорго жана аман калгандарга терең урмат-сый унутта калбашы керек.
«Улуу Жеңишке - 80 жыл» монетасынын алдыңкы бетинде майрамдык салют түрүндө стилдештирилген «80» деген сан берилген. Монетанын жогору жагында жылдыз, төмөн жагында согушта курман болгондорду кайгыруу менен эскерүүнү жана сый-урматты чагылдырган, лента байланган кызыл гүлдесте түшүрүлгөн. Монетанын жээгинде тегерете «Улуу Жеңишке - 80 жыл / 80 лет Великой Победе» деген жазуу чагылдырылган.
Монетанын арткы бетинин чок ортосунда тынчтыктын жана эркиндиктин символу болгон канат жайган көгүчкөндөрдүн элеси «2025» жана «1945» деген сандар менен бир берилип, Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу чагылдырылган. Монетанын төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925), чыгарылган жылы «2025» жана монетанын салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн.
«Улуу Жеңишке - 80 жыл» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Монетанын өзгөчөлүктөрү
Аталышы |
Улуу Жеңишке - 80 жыл |
Номиналы |
10 сом |
Металлы (сапат белгиси) |
Ag 925 |
Диаметри (мм) |
38,61 |
Салмагы (г) |
28,28 |
Сапаты |
Proof |
Нускасы (даана) |
800 |
Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 5 200 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.