Улуттук банк алдамчылардан сак болууга чакырат 

  

Жаңы технологияларды колдонуп, Улуттук банктын кызмат адамдарынын ачык маалымат булактарынан алынган сүрөттөрүн пайдаланып, башка телефон номерлери аркылуу үнүн жасап байланышка чыккан алдамчылык аракеттери көбөйгөндүгүнө байланыштуу Улуттук банк төмөнкүлөрдү билдирет:  

1. Улуттук банк жарандарга телефон чалып кайрылбайт, кызматтык күбөлүктөрүн мессенджерлер аркылуу жөнөтпөйт.  

2. Улуттук банк акча каражатын кайтаруу боюнча көмөк көрсөтүү кызматтарын сунуш кылбайт, кылмыш-жаза иштерине байланыштуу маселелер боюнча кызматтарды көрсөтпөйт.  

3. Улуттук банк жарандарга эсеп ачпайт, жеке жактарды тейлебейт жана калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт.  

Алдамчылар ар кандай шылтоо (кредит тариздөө, кылмыш-жаза ишинин козголушу, чет өлкөдөн акча которууларга комиссиянын алынышы, акчаны кайтаруу жана ушул сыяктуу башка маселелер) менен бир гана максатты башка адамдын акчасына ээ болуу максатын көздөйт.

Калкты алдоо амалдары тынымсыз жаңыланууда, ошол себептен алдамчылардын курмандыгы болуп калбаш үчүн коопсуздук эрежелерин сактоо, сак болуу зарыл.

Улуттук банк шектүү, текшерилбеген шилтемелерге кирбөө, чоочундарга акча которбоо зарылдыгын эскертет, ошондой эле өзүн кызматкер катары тааныштырган бейтааныш адамдын маалыматын айтылган уюмдун расмий байланыш булактарынан эринбей атайын текшерип алууга чакырат.  

 

Кошумча маалыматтар менен Улуттук банктын төмөнкү расмий коомдук байланыш каналына кайрылууга болот:  

 

Улуттук банктын коомдук кабылдамасы: (312) 61-04-86; (312) 66-90-15 (кошумча номерлери 1257, 1256) WhatsApp номери: 0501 890 000 

Электрондук почта: mail@nbkr.kg