Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы: Кыргыз Республикасынын валюта рыногундагы абал көзөмөлдө

 

2015-жылдын 26-мартында "Кабар" маалымат агенттигинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (КРУБ ) Төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш менен Улуттук банктын Экономика башкармалыгынын башчысы Сейилбек Урустемовдордун катышуусунда пресс- конференция болду. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги менен журналисттердин жолугушуусунун темасы өлкөдөгү валюта рыногундагы абал болду. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш кыргызстандыктарды чет өлкөлүк ( америкалык) валютага болгон суроо-талапты жасалма дүрбөлөң кылбоого чакырды.  

" Мен баардыгыңыздарды тынчсызданбай туруңуздар деп чакырып кетет элем. Улуттук банк валюта рыногундагы абалды анализдеп, таңсыктыкты жоюу үчүн канча зарыл болсо, ошончо жолу интервенция менен чыгууга даяр. Биз абалды толук көзөмөлдөп жатабыз",- деп билдирди Н. Жеңиш. 

Нурбек Жеңиш маалымдагандай, 2015-жылдын башынан бери Улуттук банк 153,3 миллион доллар сумманы түзгөн 9 интервенция жасаган. 25-мартта Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 11,4 миллионго жакын долларды, 24-мартта 8,4 миллион далларды саткан. Өлкөнүн алтын валюталык камы бүгүнкү күндө 1,76 млрд.долларды түзөт. 

Улуттук валютанын алсызданышынын себеби туурасында суроолорго жооп берип жатып, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары журналисттерге жыл башынан бери 2015-жылдын 25-мартына чейин АКШ долларынын куну сомго карата 6, 68 % ке жогорулап, бир АКШ доллар үчүн 58, 8956 дан 62, 8291 сомго өскөндүгүн айтты. Америкалык валютанын өсүшү ага болгон суроо-талаптын жогору болушу менен түшүндүрүлүп, бир жагынан сезондук факторлор , экинчи жагынан валюта рыногунда чет өлкөлүк валютага болгон суроо-талаптын төмөндөшү себеп болгон. Суроо-талап импорт үчүн контаркттарга төлөмдөрдү жүргүзүү зарылдыгынын негизинде түзүлүп, анын ичинде күйүүчү-майлоочу майлар, электр энергиясы жана башка элдин керектөөсүндөгү товарлар бар. Мындан тышкары, валютанын курсуна тышкы факторлор дагы таасир этип, алардын ичинде Кыргызстандын өнөктөш соода сатык өлкөлөрүндө АКШ долларын бекемдөө боюнча жалпы дүйнөлүк тенденцияны түзгөн АКШ Федералдык резервдик системасынын саясатынын өзгөрүлүшү, Россияга карата Батыш менен АКШнын санкциялары, мунайзатка болгон баанын төмөндөшү, Украинадагы учурдагы жагымсыз абал, АКШнын федералдык резервдик системасынын эсептик ченинин жогорулашы, Европалык борбордук банктын сандык жумшартуу программасын ишке киргизилиши да бар.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басарынын айтымында, жыл башынан бери 2015-жылдын 25-мартына чейин АКШ доллары еврого карата -8,9 %, британ фунту- 2,9%, автралия доллары- 2,5%,белорус рубли- 22,4%, молдавия лейи- 19,8%, тажик сомониси- 7,9 %, түркмөн манаты 22,8%, түрк лири- 8,4 %, армян драмы- 0,04%, азербайжан манаты- 33,7% бекемделип, швецария франкына 4,3%, япон йенене- 0,7 % алсызданган. 

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары маалымдагандай, банк секторунда бүгүнкү күндө 307 миллион доллар, анын ичинде 75 миллион доллар накталай акча бар. "Кечээ жакында коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушуу болду. Биз учурдагы валюта рыногундагы абалды жана көйгөйдөн чыгуу жолдорун талкууладык", - деп билдирди ал. 

Нурбек Жеңиш чыгып сүйлөгөн соң, пресс-конференциянын катышуучуларына Улуттук банктын өкүлдөрүнө суроолорду берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Айрыкча, журналисттер салтка айланган темалар, валюта рыногундагы абалды жөнгө салуу үчүн Улуттук банк кандай чараларды көрүп жатат, коммерциялык банктардын калкка кредит берүүдөгү чектөөлөрү, акча алмаштыруу жайларын жабуу боюнча алдын ала мыйзам долбоору туурасында суроолорду беришти.