Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы IV-сериядагы 2016-ж. үлгүсүндө өркүндөтүлгөн банкноталарын жүгүртүүгө чыгарат 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/18 "Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 2016-жылы чыгарылган IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкнотторун жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө" токтомуна ылайык, 2017жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн 200, 500 жана 1 000 сом номиналындагы банкноталары жүгүртүүгө чыгарыла тургандыгын билдирет. 

2016-жылы чыгарылган IV сериясындагы өркүндөтүлгөн 200, 500 жана 1 000 сом номиналындагы банкноталары төмөнкүлөрдү камтыйт: 

 

1. Классикалык ыкма менен даярдалган портрет даана көрүнүп турат.  

2. MASK-элементи. Жарыкка салып кароодо "сом" деген сөз көрүнөт.  

3. Чыгарылган жылы: 2016. 

 

Улуттук валютанын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноталары Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө мурда чыгарылган 1, 10, 50 тыйын, 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом банкноталары менен чогуу жүгүртүүдө болот. 

 

Улуттук валютанын бардык банкноталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары чыгарылган жылынан көз карандысыз милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш. 

Өркүндөтүлгөн банкноталар тууралуу видеороликти бул жерден көрө аласыздар:https://www.youtube.com/watch?v=fHzBqEutF4Y