Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» ЖЧКсынын менчик ээлеринин биринин арызы боюнча сот тарабынан кабыл алынган чечимге ылайык, аталган коомдун коммерциялык банктардагы эсептешүү эсептерине арест коюлгандыгын билдирет.  

Төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгү жагында тобокелдиктер келип чыгышы мүмкүндүгүнө байланыштуу, «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» ЖЧКсынын милдеттенмелеринин өсүшүнө жол бербөө, кызматтарды керектөөчүлөрдөн төлөмдөрдү кабыл алуу ишинин алкагында товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү өз убагында жүзөгө ашыруу, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында Улуттук банк тарабынан «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» ЖЧКсына 2019-жылдын 1-мартынан тартып төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алууну убактылуу токтотуу тууралуу жазма буйругу берилген. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы альтернативдик төлөм системаларын жана төлөмдөрдү кабыл алуунун башка ыкмаларын колдонууну сунуштайт. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде, Кыргыз Республикасынын төлөм системасына карата тобокелдиктерге жол бербөө жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө