Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик укуктук актылардын төмөнкү долбоорлорун коомдук талкууга сунуштайт:
- «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелери» долбоорун;
- «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун долбоорун;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорун.
Долбоорлор Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 18-июлундагы № 89 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Күрөө жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамы күчүнө киргендигине байланыштуу иштелип чыккан.
Долбоорлор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК жана кызыкдар болгон башка жактар долбоорлор боюнча сын-пикирлерин, сунуштарын 2019-жылдын 9-сентябрына чейин akubatbekov@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.