2019-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.Абдыгулов мырза Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен айым менен жолугушту. 

Жолугушуу өлкөнү 2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү максатында экономика чөйрөсүндө кызматташуу, финансы секторун келечекте андан ары өнүктүрүү тууралуу бир катар маселелер боюнча пикир алмашуунун алкагында өттү. Ошондой эле, каржы сабаттуулугун жогорулатуу алкагында өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды.