Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 83-беренесине таянуу менен Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 7-бөлүмүнүн 36-главасына ылайык, «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коомуна биригип, кайра өзгөртүлүп түзүлгөндүгүнө байланыштуу «БТА Банкы» жабык акционердик коому улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна 2017-жылдын 22-июнундагы № 036 лицензиясын, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык «ислам терезеси» аркылуу улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна 2018-жылдын 20-июнундагы № 036/1 кошумча лицензиясын өткөрүп бергендигин маалымдайт. 

«БТА Банкы» жабык акционердик коому лицензияга ээ банктардын реестринен чыгарылды.