Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/8 токтому менен бекитилген «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялардын тизмегин кеңейтүү максатында, тактап айтканда өлкөнүн айыл чарба секторунда иш алып барган кардарларды мугараса, музараа жана мусакат операцияларын колдонуу менен каржылоого уруксат берүү үчүн иштелип чыккан. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар жана кызыкдар болгон башка жактар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2020-жылдын 28-февралына чейин uakylbek@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл