COVID 19 инфекциясынын жайылышына байланыштуу ишкер субъектилерине колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө 

 

COVID 19 (мындан ары коронавирус инфекциясы) инфекциясынын жайылышына байланыштуу ага каршы күрөшүүдө дүйнө мамлекеттери тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар экономиканын айрым тармактарындагы экономикалык активдүүлүккө да терс таасирин тийгизип жатат. Каралып жаткан бул көйгөй глобалдуу мүнөзгө ээ экендигин эске алып, мындай шарттарда айрым ишкер субъектилерине колдоо көрсөтүү, өлкөнүн банк жана финансы системаларында максималдуу туруктуулукту сактоо жагында тиешелүү чараларды көрүү зарыл. 

Коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам, анын экономикага, калкка, ишкер субъектилерине, анын ичинде банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына тийгизиши мүмкүн болгон терс таасирлеринин кесепеттерин жеңилдетүү максатында кабыл алынып жаткан чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 18-мартында «COVID 19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Аталган токтом менен Улуттук банк банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишине төмөнкүдөй убактылуу талаптарды коёт: 

- кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегерүүгө жана алууга тыюу салынат; 

- кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы/талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн карыз алуучуларга карата айыптык төлөмдөр, анын ичинде кошумчаланган айыптык төлөм (айыптык төлөм/туум) салууга жана алууга тыюу салынат; 

- берилген кредиттер боюнча төлөмдөрдү кеминде 3 (үч) ай мөөнөтүнө узартуу сунушталат; 

- кредиттик келишимдердин шарттарын өзгөрткөн учурларда, анын ичинде реструктуризациялоодо, ишкердик ишине коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу иштерине байланыштуу киргизилген чектөөлөр таасирин тийгизген карыз алуучулардын кредиттерине мониторинг жүргүзүүдө кредиттерди классификациялоо категориясын начарлатпоого уруксат берилет. 

Бул чаралар өлкөдөгү экономикалык жана социалдык кырдаалга жараша Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин күчүндө болот. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.