Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

маалыматтык билдирүүсү 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режими шартында, банк жана төлөм системасы банк кызматтарынын негизги түрлөрүн сунуштоо, төлөө жана которуу операцияларын ишке ашыруу менен өзгөчө абалдын талаптарына ылайык режимде иштейт.  

Улуттук банк экономика чөйрөсүнүн жана калктын нак акчага муктаждыгын коммерциялык банктар аркылуу керектүү банкноттордун номиналдары жана монеталар менен толук көлөмдө жана өз убагында камсыз кылуу жагында үзгүлтүксүз иш алып барууну улантат.  

«Элкарт» улуттук төлөм системасын кошуу менен Кыргыз Республикасынын төлөм системасы киргизилген өзгөчө абал режиминде иштейт жана нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Төлөмдөр жана эсептешүүлөр ар түрдүү нак эмес жана аралыктан төлөө инструменттерин колдонуу менен жүргүзүлөт (банк төлөм карттары, электрондук капчыктар, «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси, QR-кодду колдонуу менен төлөмдөр жана которуулар, мобилдик банкинг, интернет банкинг ж.б.).  

Нак эмес төлөмдөрдү, акча которууларды ишке ашыруу жана онлайн тейлөө кызматтарынын, банкоматтардын, POS-терминалдардын, төлөм терминалдарынын ишин үзгүлтүксүз жүргүзүү жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.  

Коомдук жайларга, анын ичинде коммерциялык банктарга баруу зарылдыгы менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу максатында, Улуттук банк онлайн тейлөө кызматтарын, нак эмес жана аралыктан эсептешүү формаларын колдонууну (интернет-банкинг, мобилдик-банкинг, электрондук жана мобилдик тиркемелер), ошондой эле QR-коддорун колдонууну сунуштайт. 

Финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан кандайдыр бир суроолор жаралса, өзгөчө абал шартында Улуттук банк финансы уюмдарына онлайн тейлөө кызматтары аркылуу кайрылууну сунуштайт (телефон, электрондук почта, социалдык тармак жана мессенджерлер аркылуу). 

Иштөө режими, продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды финансы уюмдарынын интернет-сайттарынан алууга болот.  

Улуттук банк 2020-жылдын 25-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режими шартында, төлөө жана акча которуу операцияларынын үзгүлтүксүз ишке ашырылышын камсыз кылуу максатында, өлкөнүн финансылык секторундагы жагдайга туруктуу негизде байкоо жүргүзөт.