2020-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. 

Өзгөртүүлөрдө төлөм уюмдарынын агенттеринин мобилдик тиркемелери аркылуу кызмат көрсөтүү учурунда пайдалануучуларды аралыктан тейлөө режими аркылуу идентификациялоо жана верификациялоо мүмкүнчүлүгү каралган. 

Белгиленген токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.