Өлкөдө курч эпидемиологиялык кырдаал жаралганына байланыштуу көзөмөлдөө жана лицензиялоо маселелери боюнча кызматтык милдеттерин аткарган учурда Улуттук банктын кызматкерлери арасында СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү тобокелдигин азайтуу максатында, Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 29-июнунда № 2020-П-33\38-4-(НФКУ) «СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын, кепилдик фонддун, адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын, алмашуу жана кредит бюролорунун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнү токтото туруу боюнча убактылуу чаралар тууралуу» токтомун кабыл алды. 

Улуттук банк Башкармасы коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын, кепилдик фонддун, адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын, алмашуу жана кредит бюролорунун ишине текшерүүлөрдү, анын ичинде үчүнчү жактардын суроо-талабы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүнү убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. 

Мындан тышкары, алмашуу бюролорун лицензиялоо маселелери боюнча карап чыгуунун алкагында алар орун алган жайлардын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 токтом менен бекитилген «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга ылайык келүүсүнө текшерүүлөрдү жүргүзүү убактылуу токтотулат. Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал туруктуу абалга келген учурда лицензиялоо жана жол-жобо иш-чараларын толуктоо максатында алмашуу бюролору орун алган жайларга тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлөт. 

Токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.