2020-жылдын 29-июнунда «Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банктын Башкармасынын № 2020-П-33\38-5-(НФКУ) токтому кабыл алынды (мындан ары токтом). 

Токтомдо коммерциялык банкты микрофинансылык компанияга кайра каттоо тартибине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, анын ичинде микрофинансылык компанияга кайра катталган учурда коммерциялык банктын банктык операцияларды токтотуу тартиби боюнча өзгөртүүлөр камтылган.  

Мындан тышкары, токтом микрофинансылык компаниялардын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү макулдашуу, микрофинансылык компаниянын кызмат адамдарын макулдашуу жагында өзгөртүүлөрдү камтыйт. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.