Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү, ошондой эле банктарды кайра уюштурууга жана кызмат адамдарын макулдашууга, анын ичинде туунду коммерциялык банктардын жана гарантиялык фонддордун кызмат адамдарын макулдашууга, ошондой эле лицензиялоо жол-жоболорун ишке ашырууга байланыштуу маселелерди жөнгө салуу максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2020-жылдын 8-июлунда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдорунун лицензиялоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынган.  

Токтомдо банк Башкармасынын мүчөсү болбогон жана бир гана кибер коопсуздук жана маалыматтык технологиялар, коопсуздукту камсыздоо, юридикалык колдоо маселелерин жөнгө салган банктын башкаруучу директорлорун макулдашуу өзгөчөлүктөрүн жөнгө салган, банк кардарларынын укуктарынын жана таламдарынын укугунун бузулушуна жол бербөө, ошондой эле банктык кызматтардын үзгүлтүксүз сунушталышын камсыз кылуу үчүн кайра уюштурулуп жаткан банктардын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуу жол-жобосун токтото турууга, зарыл болгон учурда кайрадан түзүлүп жаткан банктардын банктык мыйзамдарын талаптагыдай сактоосун жана кайрадан түзүлүп жаткан банк тарабынан берилген маалыматтардын аныктыгын текшерүү маселелери боюнча инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген нормалар, Шариат кенешинин мүчөлөрүнө карата талаптар, атап айтканда аларды 5 (беш) жылга чейинки мөөнөткө гана шайлоо жана Шариат кеңешинин кеминде 1 (бир) мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш экендигин белгилөө, банк кардарларына банктык кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүксүз сунуштоо үчүн алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөнгө чейин кайрадан түзүлүп жаткан банктын филиалдарына БИК ыйгарууга мүмкүндүк берген ченемдерди жөнгө салуу талаптары камтылат. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Лицензиялоо» бөлүгүндө жайгаштырылган.