Ченемдик базаны оптималдаштыруу, БФКУ боюнча ченемдик укуктук актыларды коммерциялык банктар боюнча ченемдик укуктук базага шайкеш келтирүү, ошондой эле тобокелдикти аныктоого багытталган мамилени эске алуу менен БФКУнун ар биринин өзүнчө түрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып, БФКУга карата бирдей мамилени иштеп чыгуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоору иштелип чыккан. 

Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга, анын ичинде, коммерциялык банктар жана алмашуу бюролорунан тышкары, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган жана «ислам терезеси» бар башка юридикалык жактарга карата Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларын колдонуунун тартибин аныктоо ушул Жобонун максатынан болуп саналат. 

Жобонун ченемдери микрофинансылык уюмдарга, кредиттик союздарга, кепилдик фонддоруна, кредиттик бюролорго, турак жай-сактык кредиттик компанияларына жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына таркатылат. 

Долбоорлор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Сектор долбоорлор боюнча өз сын-пикирлерин 2020-жылдын 8-октябрынан кечиктирбестен mtatybekova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.