Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталарынын эскиздеринин долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн сүрөтчү-дизайнерлер арасында төмөнкү талаптарга ылайык, ачык сынак жарыялайт:  

Темасы 

Металлы 

Номиналы 

Диаметри 

(мм) 

Формасы 

Өмүр сакчыларына таазим! 

Жез-никель 

1 сом 

30,00 

Тегерек 

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл 

Күмүш 925° 

10 сом 

38,61 

Тегерек 

Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору берилген теманы толук ачып берүүгө жана төмөнкү критерийлерге жооп берүүгө тийиш: 

- берилген темага шайкеш келүү

- жогорку деңгээлде көркөм аткаруу; 

- маданий жана эстетикалык ченемдерге туура келүү

- жеке чыгармачылык. 

 

Сынактын шарттары: 

 

1. Монетанын жасалгасына коюлган талаптар: 

· «Өмүр сакчыларына таазим!» жез-никель коллекциялык монетасы: 

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (1 сом) жана «Өмүр сакчыларына таазим! / Спасибо за жизнь!» жазуулары түшүрүлөт; 

- арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2021» чагылдырылууга тийиш

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуулар монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн. 

· «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл» күмүш коллекциялык монетасы:  

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжет, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин эмблемасы, монетанын номиналы (10 сом) жана «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл / Содружеству Независимых Государств 30 лет» деген жазуулар түшүрүлөт; 

- арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2021» чагылдырылууга тийиш

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28,28g) жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуулар аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.  

2. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору төмөнкү форматта берилүүгө тийиш: 

· А4 форматындагы кагазда рельефин иштеп чыгуу менен көркөм сүрөттөр монетанын нукура өлчөмүндө жана чоңойтулган формада (диаметри 150 мм); 

· электрондук түрдө, JPG форматында. 

 

3. Ар бир эскиздин долбооруна коллекциялык монетанын сунушталган дизайны боюнча мазмунун чечмелеген түшүндүрмөлөр кошо тиркелүүгө тийиш. 

4. Сынактын жеңүүчүсүнө монетанын ар бир бетине 50 000 (элүү миң) сомдон алып эсептегенде, бир монетага 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө сый акы төлөнөт. Сый акы Улуттук банк Башкармасы бекиткен эскиздин долбоорлоруна гана төлөнөт. 

Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору «Сынак» (Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы үчүн) белгисин коюу менен Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын №318 иш бөлмөсүнө тапшырылат. 

Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлорун тапшыруу мөөнөтү: 2021-жылдын 10-февралына чейин

Кошумча маалыматты (312) 66-92-27 же 66-92-24 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.